Загрузка документа…
КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-сентябры № 7
Кыштут айыл өкмөтүнүн Газ, Согмент, Чарбак, Таян, Кыштут жана Сай айылдарына «таштанды таштоочу» жайларды куруу үчүн «айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка жерлер» категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Жусубалиевдин билдирүүсүн угуп жана кеңири талкуулап Кыштут айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыштут айыл өкмөтүнүн суулуу жеринен Таян айылына № 773 контурунан 0,2 га, Жайыт жерлеринен Газ айылынан № 1540 контурунан 0,2 га, Согмент айылынан № 1272 контурунан 0,2 га, Чарбак айылынан № 691 контурунан 0,2 га, Таян айылынан №864 контурунан 0,2 га, Кыштут айылынан № 1018 контурунан 0,2 га жана Сай айылынан № 1366 контурунан 0,2 га жер аянты «таштанды таштоочу» жайларды куруу үчүн «айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка жерлер» категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык Кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Зикиров
|