Загрузка документа…
КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-сентябры № 9
Кыргыз Республикасынын ѳнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан 2019-жылдын 24-июлундагы № 6259 АР лицензиясына жана 21.07.2019-жылдагы № 6 лицензиялык келишимине ылайык геологиялык чалгындоо жүргүзүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна жаңыдан алынган лицензиясынын негизинде Кыргыз Республикасындагы Тоо инвестициялык компаниясы “Кайди” ЖЧКсына Кыштут айыл ѳкмѳтүнүн аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгѳ уруксатын карап чыгып Кыштут айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасындагы Тоо инвестициялык компаниясы “Кайди” ЖЧКсынын ѳкүлү Кыштут айылдык кеңешинин сессиясына чакырылсын жана жергиликтүү эл менен жолугушуусу уюштурулсун.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн.
Төрага | А. Зикиров
|