Редакцияот 13.04.05
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 13-апрели ПЖ № 100                  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН                     МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУНУН ЖАРЛЫГЫ        Кыргыз Республикасынын Президентинин "Ысыккөл областында       "Мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана жергиликтүү       өзалдынча башкарууну өнүктүрүү" пилоттук долбоорун өткөрүү,            боюнча Жарлыгын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө                                                                                             Ысыккөл областында "Мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу  жанажергиликтүү  өзалдынча башкарууну өнүктү- рүү" пилоттук долбоорун өткө-рүүнүн  алдын-ала  жыйынтыктары  аймактык  башкаруунун  натыйжалуулугунолуттуу жогорулатууга алып келбегендигин эске алып,  ошондой эле башка-руу системасын реформалоо процессин тартипке салуу жана мамлекеттик жа-на жергиликтүү өзалдынча башкаруу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардыбир түрдүү колдонуу максатында токтом кылам:     1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 7-февралындагы№ 48 "Ысыккөл областында "Мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жанажергиликтүү  өзалдынча башкарууну өнүктүрүү" пилоттук долбоорун өткөрүүжөнүндө" жана 2004-жылдын 30-сентябрындагы № 316 "Кыргыз  Республикасы-нын Президентинин 2004-жылдын 7-февралындагы Ысыккөл областында "Мамле-кеттик башкарууну децентралдаштыруу жана жергиликтүү өзалдынча башкару-уну  өнүктүрүү" пилоттук долбоорун өткөрүү жөнүндө" Жарлыгына толуктоо-лорду киргизүү тууралуу" Жарлыктары ушул Жарлык  күчүнө  кирген  күндөнбаштап колдонулбасын жана күчүн жоготту деп таанылсын.     2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 7-февралындагыN 48 "Ысыккөл областында "Мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жанажергиликтүү өзалдынча башкарууну өнүктүрүү" пилоттук долбоорун  өткөрүүжөнүндө"  Жарлыгынын  негизинде келип чыккан укуктук мамилелер өз күчүнсактап кала тургандыгы белгиленсин.     Мындан ары аталган Жарлыктын 2- жана 3-пункттарында каралган масе-лелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралыпжана жөнгө салына тургандыгы аныкталсын.     3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Ысыккөл областтык  мамлекет-тик администрациясы бир айлык мөөнөттө белгиленген тартипте өз чечимде-рин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.     4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-публикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана  мам-лекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.     5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.      Кыргыз Республикасынын     Президентинин милдеттерин аткаруучу             К.Бакиев