ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезексиз XXVI сессиясы
2018-жылдын 4-декабры № 160/26-7
“Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар боюнча иштерин кароо жөнүндө Жобосун жана комиссия курамын бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясынын 16.11.2018-жылдагы №01-5/1613 чыгыш сандуу катынын негизинде, 01.01.2019-жылдан баштап “Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө” кодекси колдонууга киргизилгендигине байланыштуу “Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар боюнча иштерин кароо жөнүндө” жобосун бекитүү жана комиссия курамын түзүү жагын карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар боюнча иштерин кароо жөнүндө Жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар боюнча иштерин кароо жөнүндө Жобосуна ылайык, сапаттык курамы 9 адамдан турган комиссиясы түзүлсүн.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдүккө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Ж.Сариева) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |