Загрузка документа…
КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-сентябры № 14
Кыштут айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган аукционго коюулуучу жер тилкелерине макулдук берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Жусубалиевдин билдирүүсүн угуп жана кеңири талкуулап Кыштут айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Газ айылындагы имараты бузулуп жок болгон №8-01-10-1001-0432 кодундагы китепкананын 122 м кв жер аянты аукциондун негизинде жеке менчикке сатууга макулдук берилсин.
2. Кыштут айыл өкмөтүнүн Көпүрө-Башы участкасынын №915 контурундагы 508 м кв бош жаткан жер участогун аукциондун негизинде жеке менчиккке сатууга макулдук берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык Кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Зикиров
|