Загрузка документа…
КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-сентябры № 15
Кыштут айыл ѳкмѳтүнүн Баткен райондор аралык эмгек жана социалдык ѳнүгүү башкармалыгынын ортосундагы типтүү келишимин бекитип берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы С.Астанакуловдун билдирүүсүн угуп жана кеңири талкуулап Кыштут айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыштут айыл ѳкмѳтү менен Баткен райондор аралык эмгек жана социалдык ѳнүгүү башкармалыгынын ортосунда түзүлгѳн келишим бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык ѳнүгүү министрлиги тарабынан ѳткѳрүлүп берилүүчү айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн айыл ѳкмѳтүнѳн штаттык тизмесинен 1 штат бирдиги башкы адис бѳлүнсүн.
3. Ѳткѳрүлүп берилүүчү айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга кеткен чыгымдар Республикалык бюджеттен бѳлүнүүчү трансферттердин эсебинен каржылана тургандыгы белгиленсин.
Төрага | А. Зикиров
|