Загрузка документа…
КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-сентябры № 17
Кыштут айыл ѳкмѳтүнүн аймагындагы жапайы чѳѳ, карышкырларды атып жок кылуу жана мергендерге сый акы ѳлчѳмүн бекитип берүү максатында Кыштут айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыштут айыл ѳкмѳтүнүн аймагындагы жапайы чѳѳ, карышкырларды атып жок кылган мергендерге 1 карышкырга 3000 (үч миң) сом, 1 чѳѳгѳ 500 (беш жүз) сом ѳлчѳмүндѳ сый акы белгиленсин.
2. Ар бир атылган карышкыр жана чѳѳлѳрдү кѳмүп кетүү мергендерге жүктѳлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңешинин Бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | А. Зикиров
|