Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыш кезексиз XV сессия
2019-жылдын 07-майы № 6
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин депутаттарынын Этика Кодексин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик Агенттигинин 24.07.2018-жылдагы №01-18/89-буйругун аткаруу максатында Жалал-Абад шаардык кеӊешинин туруктуу комиссияларынын кеӊейтилген жыйыны карап чыгып, жыйындын чечиминин негизинде Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин V чакырылышынын 16.03.2009-жылдагы кезектеги V сессиясынын №6-токтому жокко чыгарылсын.
2. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин депутаттарынын Этика Кодекси №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин депутаттарына, шаардык кеӊештин аппаратына өз ишмердүүлүгүндө кабыл алынган Этика Кодексин жетекчиликке алып, иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин социалдык-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, партиялар жана уюмдар менен байланышуу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Джолдошев |