Загрузка документа…
АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-июну № 13
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-25-статьясынын 1-2- пунктарынын, 34-статьясынын, Хайдаркан сымап акционердик коомунун 2019-жылдын 2-апрелиндеги №05/141-катынын, “Кыргызмамжердолбоор” Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын (№01-13/66 05.02.2019 – жыл), Кадамжай райондук жергиликтүү кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине каттоо органынын макулдугу менен (№224 25.02.2019 – жыл) жана Кадамжай райондук сотунун 2019 – жылдын 15 – мартындагы чечиминин негизинде аткарылган жумуштарды эске алуу менен Ак – Турпак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак – Турпак айыл өкмөтүнүн аймагындагы 1,0 га жер аянты (имараттар жана курулмалар) Хайдаркан сымап акционердик коомуна мөөнөтсүз пайдалануу укугу менен бекитилип берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Имаров
|