Загрузка документа…
АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-июну № 14
Ак – Турпак айыл өкмөтүнүн эсебинде турган Гауян, Гороту, Ууру – Сай жана Алоодун жайыттары жөнүндөгү Бирлик айыл өкмөтүнүн 2019 – жылдын 10 – июнундагы №428 сандуу катын жана Бирлик айыл өкмөтүнүн тургундарынын атынан келген өкүлдөрдү сөзүн угуп жана талкуулап Ак – Турпак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак – Турпак айыл өкмөтүнүн эсебинде турган Гауян, Гороту, Ууру – Сай жана Алоодун жайыттарын маселеси Ак – Турпак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, Ак – Турпак айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы, Ак – Турпак айыл өкмөтүнүн аксакалдар кеңешинин төрагасы жана Ак – Турпак айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистери менен биргеликте барып ордунда каралсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | А. Имаров
|