Загрузка документа…
АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-июну № 15
“Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Ак – Турпак айыл аймагында «Индустриалдык соода өнөр жай логистикалык комплекс» үчүн Бүргөндү массивинен 2-кезектеги жаңыдан өздөштүрүлүүчү «Кыргызмамжердолбоор» МДИ МИ Баткен жерге жайгаштыруу боюнча экспедициясынын корутундусунун негизинде жер тилкесинин “Айыл чарба” категориясынын таштуу жайыт жер аянттарынан 100,0 га, «Өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка жерлер» категориясына которууну жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-ст., 25-ст. 2-пункту, 27-ст. 1-пункттарына ылайык айылдык кеңештин сессиясы карап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу токтомунун негизинде Ак – Турпак айылдык аймагынын “Газ” участкасындагы 100,0га жер аянты, өндүрүштүк муктаждыктаржы чечүү максатында “Айыл чарба” багытындагы жерлер категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка жерлер” категориясына ажыратылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак – Турпак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М. Сатыбалдыевге милдеттендирилсин.
Төрага | А. Имаров
|