Загрузка документа…
АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-июну № 16
“Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Ак – Турпак айыл аймагында өндүрүштүк муктаждыктарды канааттандыруу максатында “Торговый” участкасындагы 0,54га, «Жетиген» участкасындагы 0,30га, «Герой» участкасындагы 1,75га, «Миң-Чынар» участкасындагы 10,0га, «Жаңы-Жер» участкасындагы 2,53га жана «Газ» участкасындагы 4,65 га болуп, жалпы 19,77 га жер аянтынын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка жерлер» категориясына которууну жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 15-беренесине ылайык, айыл өкмөтүнүн алдындагы жер мамилелерин жөнгө салуу боюнча комиссиясынын 11.06.2019-жылдагы № 3 протоколуна негиз, айылдык кеңештин сессиясы карап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу токтомунун негизинде Ак – Турпак айылдык аймагынын “Торговый” участкасындагы 0,54 га, «Жетиген» участкасындагы 0,30га, «Герой» участкасындагы 1,75га, «Миң-Чынар» участкасындагы 10,0 га, «Жаңы-Жер» участкасындагы 2,53 га жана «Газ» участкасындагы 4,65 га болуп, жалпы 19,77 га жер аянтынын “Айыл чарба” багытындагы жерлер категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка жерлер” категориясына ажыратылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак – Турпак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М. Сатыбалдиевге милдеттендирилсин.
Төрага | А. Имаров
|