Загрузка документа…
АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-июну № 17
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13 – статьясына, 7 – статьясынын 2 – пунктуна, 60 – статьясына Кыргыз Республикасынын “Кен байлыктар жөнүндөгү” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенствосу тарабынан кен байлыктарды иштетүү үчүн 25.06.2012 – жылы берилген 3116 НЕ лицензиясына, жана “ГлавНефтеГаз” ЖАКнын катына негиз Ак – Турпак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “ГлавНефтеГаз” ЖАКна Ак – Турпак айыл өкмөтүнүн “Түндүк – Сох” участкасынан газ жана нефть продукцияларын өндүрүү үчүн 25.06.2012 – жылы берилген 3116 НЕ лицензиясына ылайык ижаралык шартта 5,48 га жер аянты ижара акысы 600000 (алты жүз миң) сомго бекитилип, 2032 – жылга чейин убактылуу пайдаланууга ажыратылып берилсин.
2. Кадамжай райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укукту каттоо башкармасынан жерге жайгаштыруу иш кагаздарын даярдап берүү менен бирге укугун каттап берүү жагы суралсын.
3. “ГлавНефтеГаз” ЖАКна ажыратылган жер участогунун айыл чарба жоготуусун жана келтирилген пайданы эсептөө жана төктүрүү мамэкотехинспекциясынан суралсын.
4. Жер пайдалануучу “ГлавНефтеГаз” ЖАКна ажыратылган жер участогун максаттуу пайдалануу менен экологиялык жактан зыянга учуратпоо жагы эскертилсин.
5. “ГлавНефтеГаз” ЖАКна лицензиялык пайдалануу мөөнөтүнүн акырында пайдаланып келген жер аянттарын рекультивациялап, айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү жагы милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси Ш.Маккамбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Имаров
|