Загрузка документа…
АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 8-июлу № 20
Өрүкзар айылындагы “Алихан – Өрүкзар” балдар бакчасына 2019 – 2020 – окуу жылына карата даярдыктар көрүүгө, ремонттоого жана айланасын тосуу үчүн Кадамжай райондук өнүгүү фондунун колдоосу менен даярдалып жаткан долбоорго колдоо көрсөтүү максатында Ак – Турпак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өрүкзар айылындагы “Алихан – Өрүкзар” балдар бакчасына 2019 – 2020 – окуу жылына карата даярдыктар көрүүгө, ремонттоого жана айланасын тосуу үчүн даярдалып жаткан долбоорго айыл өкмөтүнүн бюджетинен 185000 сом ажыратылып, өздүк салым катары берилсин.
2. Ушул токтомду аткаруу жагы Ак – Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Төралиевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Имаров
|