Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-августу № 128
Кадамжай шаардык кеңеши шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун жана Каракол шаардык кеңешинин 2019-жылдын 29-июлундагы 01-8/269 номери менен чыгышталган чакыруу катынын негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарында Кыргыз Республикасынын шаардык кеңештеринин депутаттарынын арасында өтүүчү кичи-футбол боюнча Кубогуна Кадамжай шаардык кеңешинин депутаттарынан түзүлгөн команданын катышуусу үчүн 94 000 (токсон төрт миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кадамжай шаардык кеңешинин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Э. Ураимов
|