Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-августу № 129
Кадамжай шаардык кеңеши Кадамжай шаардык мэриясынын 2019-жылдын 15-августундагы № 1-314 сандуу катын, шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын айланпасын реконструкциялоого 3112 статьясынан 3.0 млн (үч миллион) сомду 3111 статьясына которууга уруксат берилсин.
2. Кадамжай шаардык кеңешинин кеңсесин оңдоп түзөөгө бир статьядан башка статьяга акча каражатын которууга уруксат берилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Э. Ураимов
|