Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Президентинин

2007-жылдын 27-октябрындагы ПЖ № 481 Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2005-жылдын 14-апрели ПЖ № 103

Кыргыз Республикасынын финансылык системасынын

башкаруу органдарын Кайра уюштуруу

жөнүндө

 

Мамлекеттик аткаруу бийлик системасында жүргүзүлүп жаткан коррупцияга каршы саясаттын алкагында Кыргыз Республикасынын фискалдык органдарынын ишинин ачыктыгын жана натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Кирешелер боюнча комитеттин базасында төмөнкүлөр түзүлүү менен ал белгиленген тартипте кайра уюштурулсун:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык полиция башкармасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансылык полиция башкармасына өзгөртүп түзүлүп, анда мамлекеттик (укук коргоочу) органдын статусу сакталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде төмөнкүлөр боюнча функциялар сакталсын:

- мамлекеттик макроэкономикалык жана бюджеттик-финансылык саясатты иштеп чыгуу жана аткаруу;

- кайра уюштурулган органдар менен бирдикте салык жана бажы саясатын жүргүзүү.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:

- ачык кадр саясатын жана эмгек акы системасын жүргүзүүнү камсыз кылып, кайра уюштурулган органдар жөнүндө жоболорду бир айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана бекитсин;

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ушул Жарлыктан келип чыккан өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды киргизсин;

- ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу, финансылык жана башка маселелерди чечсин.

5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президентинин милдеттерин аткаруучу

 

К.Бакиев