Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-августу № 131
Кадамжай шаардык кеңешинин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын Кадамжай шаардык мэриясынын Кара-Жантак участкасынан 200,0 га жер аянтын жайыт категориясынан башка категорияга которуу жөнүндөгү сунушун карап, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-беренесинин негизинде Кадамжай шаарындагы Кара-Жантак участкасынан 200,0 га жер аянтын жайыт категориясынан башка (жеке турак жайга жана өндүрүштүк багытка) категорияга трансформациялоого уруксат берилсин.
2. Иш кагаздарын даярдоо жагы Кадамжай шаардык мэриясына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кадамжай шаардык кеңешинин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Э. Ураимов
|