Сравнение редакций…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-августу № 133
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү боюнча типтүү келишимин бекитип берүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-августундагы № 451 токтому менен бекитилген штаттык бирдикке кошумча 2 башкы адис штаттык бирдигин кошуп берүү боюнча Кадамжай шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 15-августундагы кайрылуусун жана шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрилигинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү боюнча типтүү келишим бекитилсин.
2. Кадамжай шаардык мэриясына кошумча 2 башкы адис штаттык бирдигин кошуп берүүгө укурксат берилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Э. Ураимов
|
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XXXIII сессиясы
2019-жылдын 16-августу № 133
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-августундагы № 451 токтому менен бекитилген Кадамжай шаардык мэриясынын штаттык бирдигине 2 башкы адис штаттык бирдигин кошуп берүү жөнүндө
(Кадамжай шаардык кеңешинин 2019-жылдын 25-октябрындагы № 144 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү боюнча типтүү келишимин бекитип берүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-августундагы № 451 токтому менен бекитилген штаттык бирдикке кошумча 2 башкы адис штаттык бирдигин кошуп берүү боюнча Кадамжай шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 15-августундагы кайрылуусун жана шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрилигинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү боюнча типтүү келишим бекитилсин.
(2-пункт Кадамжай шаардык кеңешинин 2019-жылдын 25-октябрындагы № 144 токтомуна ылайык күчүн жоготту)