Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 31-октябры № 2
«Азия Голд интерпрайз» ЖЧКсынын ижара келишимдин убактысы бүткөндүгүнө байланыштуу ижара келишиминин мөөнөтүн узартуу жөнүндө Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы С.Ж.Бакировдун билдирүүсүн угуп Кашка-Суу айылдык аймактык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги бешинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Азия Голд интерпрайз” ЖЧКсына Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Газ участкасында жайгашкан 1 га жер аянтын тоо-кен таштарын сактоо максатында пайдалануу үчүн ижара келишим мөөнөтүн 3 жылга узартууга макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо, Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы С.Ж.Бакировко жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин Экономика, инвестицияларды тартуу, жер жана агрардык реформа, өнөр жай, курулуш, коммуникация боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ы.Ж. Эрмаматов
|