Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 18-апрели ПЖ № 109 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУНУН ЖАРЛЫГЫ "Агробизнес жана маркетинг" долбоору (кредит № 4015-КG) боюнча Кыргыз Республикасы менен Эларалык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда өнүктүрүү максаттарына кредит жөнүндө Макулдашууну жана "Агробизнес жана маркетинг" долбоорун (грант № ТF053554) чогуу финансылоого Япон Өкмөтүнүн гранты жөнүндө Макулдашуу-Катын ратификациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 48-статьясына ылайык ток-том кылам: 1. Бишкек шаарында 2005-жылдын 3-февралында кол коюлган "Агробиз-нес жана маркетинг" долбоору (кредит № 4015-КG) боюнча Кыргыз Республи-касы менен Эларалык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда өнүктүрүү мак-саттарына кредит жөнүндө Макулдашуу жана "Агробизнес жана маркетинг"долбоорун (грант № ТF053554) чогуу финансылоого Япон Өкмөтүнүн грантыжөнүндө Макулдашуу-Каты ратификациялансын. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда аталган документтердинкүчүнө кириши үчүн зарыл ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Респуб-ликасы аткаргандыгы жөнүндө Эларалык өнүктүрүү ассоциациясына белгилен-ген тартипте билдирсин. 3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттеринин аткаруучу К.Бакиев