Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 10-октябрындагы ПЖ № 446 Жарлыгына ылайык күчүн жоготкон Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 21-апрели ПЖ № 133 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУНУН ЖАРЛЫГЫ Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын түштүк региону боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө Баткен, Жалалабат, Ош областтарында жана Ош шаарында социал-дык-экономикалык жана коомдук-саясий кырдаалды андан ары турукташтыруужана чыњдоо боюнча чаралардын комплексин турмушка ашырууда көрсөтүлгөнобласттардын борбордук жана жергиликтүү башкаруу органдарынын жана жер-гиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын тыгыз өзара аракеттенүүсүнкамсыз кылуу жана күчаракеттерин координациялоо максатында, Кыргыз Рес-публикасынын Конституциясынын 42-статьясын, 46-статьясындагы 1-пункттун10-пунктчасын жетекчиликке алып, токтом кылам: 1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынынтүштүк региону (Баткен, Жалалабат, Ош областтары жана Ош шаары) боюнча(мындан ары - түштүк регион боюнча) ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кызмат ор-ду уюштурулсун. 2. Кыргыз Республикасынын Президентинин түштүк регион боюнча ыйга-рым укуктуу өкүлү жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Президентинин түштүк регион боюнча ыйга-рым укуктуу өкүлүнүн милдети түштүк региондо социалдык-экономикалык жа-на коомдук-саясий кырдаалды турукташтыруу, мамлекеттик башкаруу жанажергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, чарба жүргүзүүчү субъект-тердин үзүрлүү ишин камсыз кылуу, жарандардын укуктарын жана КыргызРеспубликасынын мамлекеттик таламдарын коргоо боюнча бардык зарыл чара-ларды борбордук башкаруу органдары жана Баткен, Жалалабат, Ош областта-рынын жана Ош шаарынын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары менентыгыз өзара аракеттенүү аркылуу кабыл алуу жана турмушка ашыруу болупсанала тургандыгы белгиленсин. 4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетек-чиси Кыргыз Республикасынын Президентинин түштүк регион боюнча ыйгарымукуктуу өкүлүнүн талапкерлигин үч күндүк мөөнөттө кароого койсун. 5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарыменен бирдикте Кыргыз Республикасынын Президентинин түштүк регион боюн-ча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ишине ар кандай көмөк жана колдоокөрсөтсүн; - ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу, финансылык жана башка ма-селелерди чечсин. - өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин. 6. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу К.Бакиев