Редакцияот 26.02.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXI СЕССИЯСЫ

 

2019-жылдын 26-февралы № 2/1

Нарын шаарынын 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын бекитүү жөнүндө

 

Нарын шаарынын 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын бекитүүдө «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын шаарынын 2018-жылдын жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).

2. Нарын шаарынын 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин башка категорияга кирбеген экономикалык чыгымдардан Нарын шаардык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын протоколунун негизинде Нарын шаардык мэриясынын буйруктары менен берилген 9404,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.

3. Нарын шаарынын 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинде бекитилген резервдик фонд Нарын шаарынын мэриясынын жана Нарын шаардык Кеңешинин буйруктары менен берилген 1097,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.

4. Нарын шаарынын 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин атайын каражатынын планына Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинен кошумча берилген 6712,0 миң сом планы бекитилсин.

5. Токтомду аткаруу жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын башкармалыгына (Ж.Урустемов) тапшырылсын.

 

Төрага

Ж. Ботоканов