Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-февралы № 3
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамдарынын жана “Турак жай” Кодексинин негизинде, Нарын шаарындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн салынган турак жайдын курулуш иштеринин 1-этабы аяктагандыгына байланыштуу депутаттардын талкуусунан кийин Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаардык Кеңешинин 5-февраль 2019-жылдагы “Нарын шаарындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн курулган турак жайды муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө” №1 токтомунун 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Нарын шаарындагы А.Калыков көчөсүндөгү ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн салынган 2 кабаттуу, 10 батирлүү, 1 (бир) бөлмөдөн турган турак жайды муниципалдык менчикке алууга макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу Нарын шаарынын мэрине тапшырылсын.
Төрага | Ж. Ботоканов
|