Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-февралы № 4
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 32-беренесинин 2-бөлүмүнө, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин 32-главасынын 6-бөлүмүнө ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаардык Кеңешинин 31-октябрь 2018-жылдагы IVчакырылыштагы XVIII сессиясынын № 8-токтому менен бекитилген Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссиянын курамына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
§ “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Д.И.Асанованын жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Т.Ө.Исаковдун депутаттык ыйгарым укуктары өз каалоолору менен мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу туруктуу комиссиянын курамынан чыгарылышсын;
§ КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын 31-октябрь 2018-жылдагы №4 чечимине ылайык “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан А.А. Өмүрканов жана КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын 18-декабрь 2018-жылдагы № 5 чечимине ылайык “Кыргызстан” фракциясынан А.К.Бердикожоева депутаттык мандаттарын алгандыгына байланыштуу туруктуу комиссиянын курамына киргизилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Нарын шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы А.Абдыкеримовго тапшырылсын.
Төрага | Ж. Ботоканов
|