Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-январы № 05
Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бакасовго ишенбестик жарыялоо жөнүндө
Гавриловка айылдык кенешинин кезектеги сессиясында депутаттардын 2/3 бөлүгүнүн макулдук добушу жана эсептөө комиссиясынын протоколунун жыйынтыгынын негизинде Гавриловка айылдык Кеңешинин кезектеги XXVII чакырылышынын 2019-жылдын 1-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Бакасов Тагайбек Самаркановичке ишенбестик жарыялансын;
2. Токтомдун бир даанасы Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Т.Корголдоевге жөнотүлсүн;
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы М.Мамаджановага жүктөлсүн.
Төрага | А.Джанышпекова |