Загрузка документа…
НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-январы № 68/XVIII-27
Ново-Покровка айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 17.10.2018-жылдагы «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобону бекитүү жөнүндө» №01-18/126 буйругун аткаруу максатында
Ново-Покровка айылдык кеңеши,
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Ново-Покровка айыл аймагынынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы төмөнкү курамда бекитилсин:
Төрагасы-Касымов Аскар Тумурчинович
Төраганын орун басары-Сулайманов Азамат Дубанбекович
Комиссиянын катчысы-Бейшеналиева Дамира Сарылкановна
Комиссиянын мүчөлөрү: -Кийизбаев Мухтар Азарбекович
-Юсупов Ильдар Аблаханович
-Гаук Валерий Павлович
-Муратов Нурлан Сейтказиевич
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ново-Покровка айыл аймагынын башчысы М.Ч.Кыдыкеевге жүктөлсүн.
Төрага | Э.М.Абдыкеримов |