Загрузка документа…
НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVII чакырылышынын он сегизинчи кезексиз сессиясы
2019-жылдын 05-февралы № 72/XIX-27
“Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бюджетин бекитүү,2018-жылдын бюджетин аткаруу жыйынтыгы жана 2020-2021 жылдарга бюджеттин болжолу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин 102-беренесинин негизинде, Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы С.А.Дмитриеванын “Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетин аткаруу жана 2019-жылга бюджетин бекитүү жана 2020-2021 жылдарга бюджеттин болжолу жөнүндөгү” маалыматын угуп жана талкуулап,
Ново-Покровка айылдык кеңеши,
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Бекитилсин: Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин планы 28 589,8 миң сом
*киреше бөлүмү боюнча 27 989,8 миң сом
*чыгаша бөлүмү боюнча 2019-жылга 27 989,8 миң .сом
Анын ичинен бөлүмдөр:
башкаруу аппараты – 5 669,5 миң сом
билим берүү – 5 135,0 миң сом
социалдык камсыздандыруу–1 836,8 миң сом
ЖКХ – 14 209,1 миң сом
Китепкана – 198,9 миң сом
Клуб–827,9 миң сом
Жайыт комитети–112,6 миң сом
* киреше боюнча атайын каражат 600,0 миң сом
* чыгаша боюнча атайын каражат 600,0 миң сом
Анын ичинен бөлүмдөр:
Башкаруу аппараты –232,7 миң сом
Билим берүү (бала бакча)–367,3 миң сом
2. Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджеттин киреше бөлүгү №1 тиркемеге ылайык түшкөн кирешелердин эсебинен чогултулат. Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы жергиликтүү бюджеттин чыгашасын каржылоо №2, №3 тиркемелерге ылайык бекитилсин.
3. 2019-жылы бюджетке салык агенттеринин жеке киреше салыгынын нормативдик түшүүлөрү 50% чегинде, сатуудан түшкөн салык 50%, өз ыктыярдуу патенттин негизинде 100% салык, милтеттүү патенттин негизинде 100% салык, бирдиктүү салык 100%, жер казынасынан түшкөн 50% салык, жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр 20% бекитилсин.
4. Жактырылсын Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн 2020-2021-жылдарга бюджетинин негизги параметрлери боюнча болжолу
- 2020-жылга киреше жана чыгашанын болжолунун суммасы-28 614,4 миң сом
- 2021- жылга киреше жана чыгашанын болжолунун суммасы-28 289,4 миң сом
5. 2019-жылга каржылоо чыныгы чогулткан кирешеге жараша болоору аныкталсын. Анын ичинен биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча чыгашалар (эмгек акы, социалдык фондго төлөм, тамактануу, коммуналдык тейлөө) каржылансын.
6. Штаттык сандагы бош орундардын азайып же көбөйүшү муниципалдык мекемелерде кабыл алынган нормативдик актыларга байланыштуу, корголгон беренелердин чыгашалары азайышы же көбөйүшү мүмкүн.
7. Чыгаша беренесин максаттуу колдонуу жоопкерчилиги Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысына жүктөлөт.
8. 2018-жылда толук каржыланбай калган чыгашалар 2019-жылдын бюджетинде каралган бөлүнгөн каражатка жараша (ассигнованиенин чегинде) жана анын эсебинде компенсациялансын.
9.Бекитилген бюджеттик каражаттардан жана атайын каражаттарынын сметасынан ашык түшкөн каражаттар, айылдык кеңештин макулдугу менен толугу менен айыл өкмөттүн карамагында калат.
10. Бюджеттик атайын каражаттарды казына тутумунан өтүп пайдаланууга тыюу салынсын.
11. Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн башчысына ашык болжолдонгон кирешелердин түшүшүнө, кирешенин чыгашадан көп болушуна байланыштуу 2019-жылга бекитилген бюджетке өзгөртүүлөрдү жана тактоолорду киргизүү укугу айылдык кеңештин макулдугу менен берилсин.
12. Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн каржы-экономиканы бөлүмүнө жергиликтүү бюджетти аткаруу маалында, киреше бөлүмүн ашыкча аткарууда түшкөн ашыкча каражаттарды Кыргыз Республикасынын Президентинин социалдык иштерди аткаруу, улуттук жана мамлекеттик программаларды ишке ашыруу, Өкмөттүн токтомдорун, Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын токтомдорун, Ново-Покровка айылдык Кеңештин токтомдорун, муниципалдык кызматкерлерди сыйлоого, коммуналдык тейлөө төлөмдөрүн жабууга, зарыл убакта өзгөчө кырдаалдын абалын жок кылууга, ЖӨӨБ убактылуу каржылык жардамга, жана башка сатып алууларга жана чыгашаларга пайдалануу каралсын.
13. Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмү Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ч.Кыдыкев менен биргеликте:
- Ново-Покровка айыо өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлердин эмгегин стимулдаштырууга жана социалдык колдоо көрсөтүүгө, бош калган каржылардын эсебинен кредиттерди көбөйтүүгө жол берилсин.
- жыл башында бош калган каржы каражаттардын эсебинен 3 айлык маянанын өлчөмүндөгү эмгек акы (Нооруз, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү, өзүн-өзү башкаруу күнү) төлөп берүү каралсын.
14. Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн аппаратынын эмгегин стимулдаштыруу максатында жыл башында бош калган каржы каражаттарынын эсебинен тамак-аш үчүн табелге ылайык иштеген күнүнө 100 сом төлөп берилсин.
15. Кем-карчтуу болгон үй-бүлөлөрдүн жашоо тиричилигин жакшыртуу максатында арыздардын келип түшүшүнө жана турмуш тиричилиги изилденгенден кийин 3,0-5,0 миң сом эсебинде материалдык жардам көрсөтүлсүн, ал эми калган оор шарттарда каржылоо шартка жараша айылдык кеңештин макулдугу менен көбөйтүлсүн.
16. Жеңилдик берилген категориядагы жарандарды куттуктоого 5,0 миң сом өлчөмүндөгү материалдык жардам көрсөтүлсүн.
17. Өндүрүштүк керектөөлөргө байланыштуу күйүүчү-майлоочу майлары ар бир айга лимит менен айыл өкмөттүн кызматтык автоунаасына 240 литр, таштанды чыгырууга 250 литр, тракторго жана жүктөгүчкө 135 литр, жана балдарды жекирүүгө күнүнө 10 литр жол барагына ылайык каарлсын. Башка транспорттук тейлөөлөрү менен керектүү тетиктер 2019-бюджеттик жылга пайдалануу каралсын.
18. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн башчысына жергиликтүү бюджеттин эсебинен Ново-Покровка айыл өкөмөтүнүн муниципалдык кызматкерлерин жана жумушчуларын сыйлоо жана кызматтык эмгек акыны бекитүү, кошумча акы чектөө укугу сакталсын.
19. 2019-жылга мектепке чейинки мекемелерге (Сары-Жон айылындагы бала бакча) ата-энелердин чогулткан атайын эсебинен күнүнө тамак-ашка 50 сом суммасында ар бир балага бекитилсин.
20. А.Сакебаев атындагы орто мектебинин алдындагы бала бакчада иштеген ата-энелердин балдарына бала-бакчанын тамак-аш төлөмү 50% жеңилдик менен төлөнсүн.
21. Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетин аткарууда киреше боюнча 24 694,7 миң сом суммасында, чыгаша боюнча 23 542,4 миң сом, жылдын аягындагы калдык 8 168,4 миң сом, киреше боюнча атайын каражат 625,7 миң сом, чыгаша боюнча 718,5 миң сом, жыл аягына карата каражат калдыгы 527,7 миң сом.
22. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Ново-Покровка айылдык Кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
Төрага | Э.М.Абдыкеримов |