Загрузка документа…
НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVII чакырылышынын он сегизинчи кезексиз сессиясы
2019-жылдын 05-февралы № 75/XIX-27
Ново-Покровка айыл аймагынын 2019-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү иш-чараларынын планын бекитүү жөнүндө
Ново-Покровка айыл аймагынын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы С.А.Дмитриеванын Ново-Покровка айыл аймагынын 2019-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча иш-чаралардын планынын проектисин угуп,
Ново-Покровка айылдык кеңеши,
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Ново-Покровка айыл аймагынын 2019-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча объектилерди куруу жана оңдоо иш-чаралар планын тиркемеге ылайык бекитүү.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ново-Покровка айыл аймагынын башчысы М.Ч.Кыдыкеевге жүктөлсүн.
Төрага | Э.М.Абдыкеримов |