Загрузка документа…
НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVII чакырылышынын жыйырманчы кезексиз сессиясы
2019-жылдын 08-майы № 82/XX-27
«Новопокровка айылдык округунун Новопокровка айыл өкмөтү Ысык-Ата району Чүй облусу» мекемесин кайра каттоо жөнүндө
20.02.2009-жылдагы №57 Кыргыз Республикасынын «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Мыйзамынын 12-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин жетегинде,
Ново-Покровка айылдык кеңеши,
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Фирмалык аталышынын өзгөргөндүгүнө байланыштуу «Новопокровка айылдык округунун Новопокровка айыл өкмөтү Ысык-Ата району Чүй облусу» мекемеси кайра каттоодон өткөрүлсүн.
2. Жаңы фирмалык аталышы «Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айыл аймагынын Ново-Покровка айыл өкмөтү» мекемеси”.
3. Жайгашкан жери өзгөрүүсүз калтырылсын: Кыргыз Республикасы Чүй облусу Ысык-Ата району Ново-Покровка айылы Ленин көчөсү 335А.
4. “Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айыл аймагынын Ново-Покровка айыл өкмөтү» мекемесинин Уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси Д.С.Бейшеналиевага «Новопокровка айылдык округунун Новопокровка айыл өкмөтү Ысык-Ата району Чүй облусу» мекемеси Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгынан кайра каттоодон өткөрүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Н.С.Муратовго жүктөлсүн.
7. Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө токтомдо андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана, мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Төрага | Э.М.Абдыкеримов |