Загрузка документа…
НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVII чакырылышынын жыйырманчы кезексиз сессиясы
2019-жылдын 08-майы № 83/XX-27
Ново-Покровка айыл аймагынын Жайыт комитетинин 2019-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Ново-Покровка айыл аймагынын Жайыт комитетинин төрагасынын 2018-жылдын маалыматын угуп жана 2019-жылга карата алдын ала түзүлгөн бюджетин талкуулап,
Ново-Покровка айылдык кеңеши,
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Ново-Покровка айыл аймагынын Жайыт комитетинин 2019-жылга карата бюджети №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Фронталдык жүктөгүчү бар экскаватордун тейлөө кызматынын акысы №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ново-Покровка айыл аймагынын жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын 2019-2023–жылдарга карата орто мөөнөттүү планы бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ново-Покровка айыл аймагынын Жайыт комитетинин төрагасы Б.М.Мамыркуловго жүктөлсүн.
Төрага | Э.М.Абдыкеримов |