Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын XXII сессиясынын отуруму
2019-жылдын 23-апрели № XXII-6
Ноокат шаарынын Ош жана О.Солтобаев атындагы көчөлөрүнүн четиндеги темир тосмолорду жана борбордук айлампанын түндүгүн краскалоо үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын Ош жана О.Солтобаев атындагы көчөлөрүнүн четиндеги темир тосмолорду жана борбордук айлампанын түндүгүн краскалоо үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Ноокат шаар мэриясынын 2019-жылдын бюджетинин эсебинен Ноокат шаарынын Ош жана О.Солтобаев атындагы көчөлөрүнүн четиндеги темир тосмолорду жана борбордук айлампанын түндүгүн краскалоо үчүн 127 722 (бир жүз жыйырма жети миң жети жүз жыйырма эки) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |