Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын XXII сессиясынын отуруму
2019-жылдын 23-апрели № XXII-8
Ноокат шаарынын Чехов атындагы көчөсүнө асфальт сатып алуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын Чехов атындагы көчөсүнө асфальт сатып алуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Ноокат шаар мэриясынын 2019-жылдын бюджетинин эсебинен Чехов атындагы көчөсүнө асфальт сатып алуу үчүн 800 000 (сегиз жүз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |