Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын XXII сессиясынын отуруму
2019-жылдын 23-апрели № XXII-10
Ноокат шаарынын Т.Умиров атындагы көчөсүнө суу түтүктөрү саты алууга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын Т.Умиров атындагы көчөсүнө 700 метр суу түтүктөрү сатып алуу жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Ноокат шаарынын Т.Умиров атындагы көчөсүнө суу түтүктөрү сатып алуу үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2019-жылдын бюджетинин эсебинен 437 000 (төрт жүз отуз жети миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |