Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын XXII сессиясынын отуруму
2019-жылдын 23-апрели № XXII-12
Ноокат шаарына караштуу Таштак кварталына балдар аянтчасын куруу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарына караштуу Таштак кварталына балдар аянтчасын куруу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө Ноокат шаардык мэриясынын сунушунун негизинде Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Ноокат шаарына караштуу Таштак кварталына балдар аянтчасын куруу үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2019-жылдын бюджетинин эсебинен 377 360 (үч жүз жетимиш жети миң үч жүз алтымыш) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |