Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын XXII сессиясынын отуруму
2019-жылдын 23-апрели № XXII-14
Ноокат шаарынын Х.Абдумаликов көчөсүнүн асфальттоого акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын Х.Абдумаликов көчөсүнүн асфальттоого акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Ноокат шаар мэриясынын 2019-жылдын бюджетинин эсебинен Ноокат шаарынын Х.Абдумаликов көчөсүн асфальттоо үчүн 1 533 601 (бир миллион беш жүз отуз үч мин алты жүз бир) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеёешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |