Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын XXII сессиясынын отуруму
2019-жылдын 23-апрели № XXII-20
Ноокат шаарынын көчөлөрүнө шагыл (шебень) төшөө үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын Крупская, Кара-Турпак, Г.Гулям көчөлөрүнө шагыл (шебень) төшөө үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Ноокат шаарынын Крупская, Кара-Турпак, Г.Гулям көчөлөрүнө шагыл (шебень) төшөө үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2019-жылдын бюджетинин эсебинен 480 000 (төрт жүз сексен миё) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |