НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXI СЕССИЯСЫ
2019-жылдын 26-февралы № 7
Нарын шаарынын 2019-2021-жылдарга кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу Стратегиясын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-18-беренелеринин, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин негизинде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга, ресурстарды эффективдүү ыкма менен пайдаланып, мыйзамдын чегинде жумуш алып баруу жана жарандардын суроо-талаптарын канааттандыруу максатында Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаарынын 2019-2021-жылдарга Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу Стратегиясы бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Стратегияны жүзөгө ашыруу жана токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
Төрага | Ж. Ботоканов
|