Редакцияот 23.04.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

V чакырылышынын XXII сессиясынын отуруму

2019-жылдын 23-апрели № XXII-22

Ноокат шаарынын Кара-Турпак кварталынын, Кара-Турпак көчөсүндөгү көпүрөгө плита сатып алуу үчүн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө

Ноокат шаарынын Кара-Турпак кварталынын, Кара-Турпак көчөсүндөгү көпүрөгө плита сатып алуу үчүн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Ноокат шаарынын Кара-Турпак кварталынын, Кара-Турпак көчөсүндөгү көпүрөгө плита сатып алуу үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2019-жылдын бюджетинин эсебинен 148 000 ( бир жүз кырк сегиз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А.Гафаров