Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын XXII сессиясынын отуруму
2019-жылдын 23-апрели № XXII-236
Ноокат шаарынын Кара-Турпак кварталындагы көрүстөндү темир тосмолор менен тосууга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын Кара-Турпак кварталындагы көрүстөндү темир тосмолор менен тосууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Ноокат шаарынын Кара-Турпак кварталындагы көрүстөндү темир тосмолор менен тосуу үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2019-жылдын бюджетинин эсебинен 155 000 (бир жүз элүү беш миё) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |