Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын XXII сессиясынын отуруму
2019-жылдын 23-апрели № XXII-24
Ноокат шаарынын Кара-Турпак кварталына караштуу ФАПка “жылытуу системасын жана тепкич орнотуу” үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын Кара-Турпак кварталына караштуу ФАПка “жылытуу системасын жана тепкич орнотуу” үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Ноокат шаарынын Кара-Турпак кварталына караштуу ФАПка “жылытуу системасын жана тепкич орнотуу” үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2019-жылдын бюджетинин эсебинен 373 800 (үч жүз жетимиш миң сегиз жүз) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |