Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын XXII сессиясынын отуруму
2019-жылдын 23-апрели № XXII-26
Ноокат шаарындагы мектептердин жана балдар бакчаларын электр жабдууларын техникалык лабораториядан өткөрүү үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарына караштуу мектептер жана балдар бакчаларын электр лабораториядан өткөрүү үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык мэриясынын сунушунун негизинде Ноокат шаардык кеёешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Ноокат шаарындагы мектептердин жана балдар бакчалардын электр жабдууларын техникалык лабораториядан өткөрүү үчүн Ноокат шаардык мэриясынын 2019-жылдын бюджетинин эсебинен 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |