Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын XXII сессиясынын отуруму
2019-жылдын 23-апрели № XXII-27
Ноокат шаарынын А.Абдуваитов атындагы орто мектебине акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин жаны курулган 4 окуу каанасын толук бүтүрүү үчүн шыбап, сырдоо иштериге акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Ноокат шаарынын А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин жаны курулган 4 окуу каанасын толук бүтүрүү үчүн шыбап, сырдоо иштериге Ноокат шаар мэриясынын 2019-жылдын бюджетинин эсебинен 135 612 (бир жүз отуз беш миң алты жүз он эки) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеёешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |