Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын XXII сессиясынын отуруму
2019-жылдын 23-апрели № XXII-29
Ноокат шаарынын Бостон кварталынын көчөлөрүнө шагыл (шебень) төшөө үчүн акча каражаты ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын Бостон кварталындагы Т.Умиров, М.Абдуллаев, Р.Юлдашев көчөлөрүнө шыгал (шебень) төшөө үчүн акча каражаты ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Ноокат шаарынын Бостон кварталындагы Т.Умиров, М.Абдуллаев, Р.Юлдашев көчөлөрүнө шагыл (шебень) төшөө үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2019-жылдын бюджетинин эсебинен 458 000 (төрт жүз элүү сегиз ) миң сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |