НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын XXII сессиясынын отуруму
2019-жылдын 23-апрели № XXII-30
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине ар түрдүү чыгымдарга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине ар түрдүү чыгымдарга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине ар түрдүү чыгымдар үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2019-жылдын бюджетинин эсебинен 87 338 (сексен жети миң үч жүз отуз сегиз) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |