Редакцияот 23.04.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

V чакырылышынын XXII сессиясынын отуруму

2019-жылдын 23-апрели № XXII-31

2021-2026-жылдарга карата Ноокат шаарынын экономикалык социалдык өнүктүрүү программасын даярдоо үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

2021-2026-жылдарга карата Ноокат шаарынын экономикалык социалдык өнүктүрүү программасын даярдоо үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

Т О К Т О М К Ы Л А Т

1. 2021-2026-жылдарга карата Ноокат шаарынын экономикалык социалдык өнүктүрүү программасын даярдоо үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2019-жыл бюджетинин эсебинен 100 000 (жүз ми) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А.Гафаров