Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-апрели № XXII-32
Ноокат шаарынын мектептериндеги ондоп-түзөө иштери үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын мектептериндеги ондоп-түзөө иштери үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык мэриясынын сунушунун негизинде Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Ноокат шаарынын мектептериндеги ондоп-түзөө иштери үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2019-жылдын бюджетинин эсебинен:
- А.Абдуллаев мектебине - 105,0 (бир жүз он беш миң) сом;
-А.Абдуваитов мектебине -115,0 (бир жүз жыйырма беш миң) сом;
-Х.Самиев мектебине-108,0 (бир жүз он сегиз миң) сом акча каражаттары ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |