Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын XXII сессиясынын отуруму
2019-жылдын 23-апрели № XXII-33
Ноокат шаарынын балдар бакчаларында ондоп-түзөө иштери үчүн акча каражаттарын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын балдар бакчаларында ондоп-түзөө иштери үчүн акча каражаттарын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык мэриясынын сунушунун негизинде Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Ноокат шаарынын балдар бакчаларында ондоп-түзөө иштери үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2019-жылдын бюджетинин эсебинен:
- “Балапан” балдар бакчасына – 100,0 (бир жүз он миң) сом;
- “Раяна-Нур”балдар бакчасына – 102,0 (бир жүз он эки миң) сом;
- “К.Датка” балдар бакчасына – 120,0 (бир жүз жыйырма миң) сом акча каражаттары ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |