Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын XXII сессиясынын отуруму
2019-жылдын 23-апрели № XXII-35
Ноокат шаарынын көчөлөрүндөгү электр чубалгыларын жаңылоо, мамычаларын жана түнкү жарыктандыруу чырактарын сатып алуу жана орнотуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын көчөлөрүндөгү электр чубалгыларын жаңылоо, мамычаларын жана түнкү жарыктандыруу чырактарын сатып алуу жана орнотуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык мэриясынын сунушунун негизинде Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Ноокат шаарынын көчөлөрүндөгү электр чубалгыларын жаңылоо, мамычаларын жана түнкү жарыктандыруу чырактарын сатып алуу жана орнотуу үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2019-жылдын бюджетинин эсебинен:
Кара-Турпак кварталынын көчөлөрүнө-548 150 сом;
Бостон кварталынын көчөлөрүнө-545 350 сом;
Таштак кварталынын көчөлөрүнө-541500 сом;
Абдумаликов көчөсүнүн трансформаторун мантажына-120 000 сом;
Кара-Турпак көчөсүнүн трансформаторун оңдоп түзөөгө-25 000 сом;
Кара-Турпак кварталынын тунку электр чырактарын алмаштырууга-18000 сом;
Мамычаларын орнотуу үчүн чукур казу жумуштарына-112 300 сом;
Жалпы:-1 610 300 сом акча каражаттары ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |