Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-июлу № 63
Кара-Бак айыл өкмөтү Т.Нишанбаевдин сураныч катынын негизинде Кызыл-Бел айылынын Улак жай участкасынан турак жай куруу үчүн берилген калктуу конушка ысым ыйгаруу токтомуна өзгөртүү киргизүү максатында Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл аймагындагы Кызыл-Бел айылынын Улак жай участкасынан турак жай куруу үчүн берилген калктуу конушту “Жолдошбай Момунов атындагы калктуу конуш”-деп атоо сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылышы Кара-Бак айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Төрага | А. Каламбеков
|